Article

Азия Кубогу 2019 - Дзюдо

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ысык-Көл облусунда өткөн Азия Кубогундагы командалык эсепте жеңишке жетти.
Мелдеш Чолпон-Ата шаарында 3-6-октябрь күндөрү өттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо боюнча федерациясынын маалыматы боюнча Азия Кубогуна бир катар өлкөлөрдөн 250 спортчу катышып, спортчулардын ортосунда жалпы 32 топтом медаль ойнотулду.
Азия Кубогундагы медалдарга ээ болуу үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Түркия, Непал жана Сауд Арабиянын спортчулары күч сынашышты.
“Менеджмент” кафедрасынын 1-курсунун студенти Эрнис уулу Тилек өзүнүн өжөрлүгү менен байгелүү 3-орунга ээ болду.
Тилекти чын жүрөктөн куттуктайбыз жана Азия Чемпиондугу 2020 мелдешинде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!!!

dsd

sd

Contact us

Ala-Too International University

Connect with us

We're on Social Networks.
Follow us & get in touch.